Баткенде кырсыктан каза болгон жигиттердин өмүрүнүн акыркы мүнөттөрү видеого түшүп калган
RU

Баткенде кырсыктан каза болгон жигиттердин өмүрүнүн акыркы мүнөттөрү видеого түшүп калган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткенде унаанын ылдамдыгын чегинен ашыра айдаган айдоочу менен жанындагы жүргүнчүнүн өмүрүнүн акыркы секундалары видеого түшүп калды. Анда жигиттер унааны саатына 220-240 чакырым менен айдап бара жатканын айтышат.

Баткен облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан кырсык тууралуу маалымат беришти.

Маалымдалгандай, окуя 19-январда болжол менен саат 11:30 чамасында Ош-Баткен-Раззаков жолунун 161-чакырымында катталды. Анда Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу ылдамдыкты ашырып айдагандыктын, унааны башкара албай, кырсыкка учураган.

Кырсыктан айдоочу жеринде көз жумуп, жүргүнчүсү оор абалда ооруканга жеткирилип, ошол жерден жан берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9999