Садыр Жапаров Ирактан кайтарылган балдардын абалы менен таанышты. Фото
RU

Садыр Жапаров Ирактан кайтарылган балдардын абалы менен таанышты. Фото

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-мартта, Ирактан кайтарылган балдардын жашоо-шарттарын жана аларга кандай жардам көрсөтүлүп жатканын көрүп келди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматын маалымдады.

Мамлекет башчысына 16-мартта "Мээрим" гуманитардык миссиясынын алкагында Ирактан кайтарылган 79 бала Чүй облусунун балдар борборлорунун бирине жеткирилгенин, алардын ичинде 2 жаштан 18 жашка чейинки 38 эркек бала 41 кыз бар экени тууралуу маалымат берилди.

Борбордо балдар үчүн бардык шарттар камсыздалган. Аларга төрт маал тамак берилип турат. Ички иштер министрлигинин кызматкерлери күнү-түнү алардын коопсуздугун камсыз кылышат. Тийиштүү адистер аларды бара-бара туугандарына өткөрүп берүү үчүн кайрадан коомго аралаштырып, кадимки жашоосуна кайтаруу боюнча иш алып барышат.

Учурда алар коопсуз жашоого кайтуу үчүн реабилитациялоо курсунан өтүшүүдө.

Мамлекет башчысы мекеменин имараты, жатакана бөлмөлөрү, ашкана менен таанышып, балдарга кандай тамактар берилерин көрүп чыкты.

Ошондой эле, Президент Садыр Жапаров бардык кепилденген мамлекеттик кызматтарды алууда ар тараптуу жардам көрсөтүү зарылдыгына токтолду, деп билдирүүдө жазылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/999