"Кыштан жакшы эле чыгабыз". Жапаров электр энергиясын өчүрүүлөр боюнча түшүндүрмө берди
RU

"Кыштан жакшы эле чыгабыз". Жапаров электр энергиясын өчүрүүлөр боюнча түшүндүрмө берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров электр энергиясынын өчүрүлүшү боюнча калкка түшүндүрмө берди. Facebook"тагы баракчасына электр тармагына байланыштуу маалыматтарды берип жатып буларга токтолду.

"Азыркы учурдагы энергетика тармагында болуп жаткан жагдайлар боюнча түздөн-түз маалымат алып жатам. Веердик өчүрүүлөр болгон жок, катуу сууктан улам электр энергиясын керектөө бир кыйла жогорулап, электр жабдууларга күч келүүдө.

Ошого байланыштуу электр жабдыктарды сактоо максатында жана авариялык өчүрүүнүн алдын алуу үчүн электр энергиясын өчүрүүгө аргасыз болууда.

Эгерде электр керектөөнүн кубаттуулугун азайтуу иштери өз убагында аткарылбаса, бул Кыргызстандын энергетикалык тутумун гана эмес жалпы Борбордук Азиянын бириккен энергетикалык тутумун системалуу аварияга алып келиши мүмкүн. (2022-жылдын 25-январындагы системалык авария кайра кайталануу коопсуздугу жаралышы мүмкүн).

Кыскасы, ток этер жерин айтсам, эскилиги жетип, жүрбөй калган машинаны капиталдык ондоодон өткөрүп алгандай эле, өкмөт электр жабдуулардын эскилиги жеткендигине карабастан, кесипкөй адистерибиздин күчү менен кышка жакшы даярдык көрүп алганбыз.

Кудай буюрса кыштан жакшы эле чыгабыз. Анча-мынча ыңгайсыздыктарды жараткан болсок жалпы элден кечирим сурайбыз", - дейт президент билдирүүсүндө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10015