Кой-Таш окуясында жапа чеккен Самат Курманкулов Москвага дарыланууга кетти
RU

Кой-Таш окуясында жапа чеккен Самат Курманкулов Москвага дарыланууга кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кой-Таш окуясында жапа чеккен Чүй ОИИББдин мурдагы башчысы, генерал-майор Самат Курманкулов дарылануу үчүн Москва шаарына кетти. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Айтымында, 21-январда Курманкулов Москвадагы Калыбына келтирүү борборуна дарыланганы учту.

"Эсен-аман жетип, жакшы дарыланып келсин. Кудайым шыпаа берип, батыраак сакайып кетсин. Колдоо көрсөткөн Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевге, Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара-Саматка жана "Манас" аэропортунун жетекчисине ыраазычылык билдирем", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилесек, былтыр ноябрь айында парламентте депутаттар бир күндүк эмгек акысын Курманкуловго котормой болушкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10019