Депутаттар Кой-Таш окуясында жабыркаган Самат Курманкуловго бир күндүк маянасын которот
RU

Депутаттар Кой-Таш окуясында жабыркаган Самат Курманкуловго бир күндүк маянасын которот

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кой-Таш окуясында жабыркаган милициянын генерал-майору Самат Курманкуловго депутаттар бир күндүк эмгек акысын которот. Бул туурасында бүгүн, 16-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында маселе көтөрүлдү.

Анда Жеңишбек Токторбаев кесиптеши Кундузбек Сулайманов менен биргеликте Самат Курманкуловдон кабар алганын айтты.

"Анын саламаттыгы жакшы эмес. Ал жаш баладай ыйлап, депутаттардан жардам сурады. Ошондуктан эл өкүлдөрү макул болушса бир күндүк маянабызды которолу", - деди депутат.

Андан тышкары Токторбаев спикер Нурланбек Шакиевге кайрылып, Самат Курманкуловдун пенсиясын көтөрүү боюнча ички иштер министри Улан Ниязбековго тапшырма берүүнү суранды.

Жеңишбек Токторбаевдин сунушун 51 депутат колдоду.

Эске салсак, буга чейин депутат Жусупбек Коргонбай уулу Курманкуловго жардам берүүнү сунуштаган. Анын айтымында, алты баланы тарбиялап жаткан генерал-майордун пенсиясы 21 миң сомду түзөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9294