Оштогу каналды реконструкциялоого 18 миллионго жакын евро бөлүнөт
RU

Оштогу каналды реконструкциялоого 18 миллионго жакын евро бөлүнөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Ош облусундагы Араван-Ак-Буура каналын реконструкциялоого 17 млн 870 миң евро бөлөт. Бул тууралуу Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет жыйынында айыл чарба министринин орун басары Мурат Раматов билдирди.

Долбоор Кара-Суу жана Араван райондорундагы Араван - Ак-Буура каналын модернизациялоо жана реконструкциялоо боюнча курулуш иштеринин аткарууну максат кылат.

"Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында 21 миң гектарга жакын аянтын суу менен камсыздалышы жакшырат. Мерчемделген иштерди ашыруу үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан жалпы суммасы 17 870 000 евро каражат бөлүнөт. Анын 14 130 000 евросу насыя, 3 740 000 евро гранттык негизде берилет", - деди.

Раматов насыялык каражаттар 15 жылга, төрт жылдык жеңилдетилген мөөнөткө жана өзгөрүлмө пайыздык чен менен берилерин кошумчалады.

Депуттар тарабынан тиешелүү мыйзам долбоору жактырылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10031