Тазабек Икрамов ОСАГОго каршы болуп, элдин кыйналып жатканын айтты
RU

Тазабек Икрамов ОСАГОго каршы болуп, элдин кыйналып жатканын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов айдоочуларга милдеттүү камсыздандырууну (ОСАГО) киргизүүгө каршы болду. Ал Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында бул демилге "туура эмес" деген пикирин айтты.

"Эл ансыз деле кыйналып жатат, 2025-жылга чейин күтүш керек. Бул ар бир айдоочунун ыктыяры менен жасала турган чечими болсун. Кааласа жок дегенде башын же денесинин башка жерлерин камсыздандырсын", - деди Икрамов.

Эске салсак, Кыргызстанда айдоочулар автотранспорттук жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу полисин (ОСАГО) ушул жылдын башынан тарта алып башташы керек. 1-апрелден тарта полиси жокторго 3000 сомдон айып пул салынары кабарланган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10044