"Акынды мынча чандыңар бийлик..." Болот Назаровдун кесиптештери үн катты
RU

"Акынды мынча чандыңар бийлик..." Болот Назаровдун кесиптештери үн катты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Интернет желесинде прокурордун төкмө акын Болот Назаровду 10 жылга эркинен ажыратуу өтүнүчү кызуу талкууланууда. Пикир жазгандардын дээрлик баары прокурордун 10 жыл дегени акылга сыйбайт дешет.

Пикир айткандардын арасында төкмөнүн кеипстеши, Кыргыз Республикасынын Эл акыны Жеңишбек Жумакадыр да бар. Ал Болот Назаровду бошотууну бийликтен суранды.

Ал эми дагы бир төкмө акын Баян Акматов кесиптеши түрмөдө эмес, ыр дүйнөдө жүрсүн дейт.

Белгилей кетсек, Назаровго козголгон иш боюнча соттук отурум бүгүн, 24-январда саат 15:30да Москва райондук сотунда болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10051