Педофилдерди хирургиялык бычуу мыйзам долбоору жактырылды
RU

Педофилдерди хирургиялык бычуу мыйзам долбоору жактырылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин мүчөлөрү педофилдерди хирургиялык бычууну сунштаган мыйзам долбоорун жактырышты.

Мыйзам долбоордун демилгечиси депутат Улан Бакасов жашы жете электерге жана өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулук үчүн жазаны катаалдаштырып, жаза мөөнөтүн жыйырма жылга чейин көбөйтүү же өмүр бою эркинен ажыратуу сунуштады. Ал жаш балдарга жана жашы жете элек өспүрүмдөргө жыныстык зордук-зомбулук көрсөткөндөр өлүм жазасына татыктуу экенин, бирок өлкөдө андай мызайм жок болгондугуна байланыштуу бачабаздарды бычууну сунуштады.

Талкуу маалында депутат Гуля Кожокулова Кыргыз Республикасынын Конституциясынын принциптерине жана нормаларына таянып, бул мыйзам долбоорун четке кагуу зарылдыгын белгиледи.

"Хирургиялык кастрация – бул кыйноо. Педофилдерди эч ким актай албайт, бирок биз Кыргыз Республикасынын Конституциясынын нормаларын эске алышыбыз керек", - деп кошумчалады эл өкүлү.

Талкуунун жыйынтыгында комитет мүчөлөрү мыйзам долбоору жактырылды: төрт депутат макул, үч депутат каршы добуш беришти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10052