Депутат каржы пирамидаларын жарнама кылгандарды жоопко тартууну сунуштады
RU

Депутат каржы пирамидаларын жарнама кылгандарды жоопко тартууну сунуштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 24-январда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин кезектеги жыйынында "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү" мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.

Жыйында депутат Шаирбек Ташиев каржы пирамидаларын жарнамалагандарды жоопкерчиликке тартуу мыйзам долбоорун сунуштады.

Айтымында, каржы пирамидаларынын уюштуруучулары белгилүү адамдар, ырчы, блогерлер аркылуу адамдардын кызыгуусун жаратат.

"Түзөтүүлөр кабыл алынгандан кийин мындай иштер үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу каралгандыктан блогерлер, ар кандай уюмдардын активисттери жана башка коомдук инсандар тигил же бул каржы өнүмдөрүн жарнамалоодо кыйла этият жана жоопкерчиликтүү болушат деп ишенебиз. Анын үстүнө, бул кылмыш жоопкерчилигине алып келет", – деди Шаирбек Ташиев.

Комитет төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков чындыгында эле каржы пирамидаларын жарнамалоого байланышкан нааразычылыктар көп экенин жүйө келтирди.

"Таанымал адамдар жарнамалаган компанияга ишенип, алдангандар көп болууда. Андыктан тергөө амалдарын туура жүргүзүп, мыйзамсыз иштерге бөгөт коюлушу керек", – деди.

Жыйынтыгында мыйзам долбоорлору тармактык комитет тарабынан жактырылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10054