Турак жай кооперативдери келтирген зыяндын суммалары айтылды
RU

Турак жай кооперативдери келтирген зыяндын суммалары айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ички иштер министрлиги бүгүнкү күндө кайсы турак жай кооперативдеринин ишмердүүлүгү иликтенип жатканын жана жарандарга келтирилген зыяндын суммасын айтты. Аталган мекемеден акыркы жылдары турак жай кооперативдери аркылуу кыймылсыз мүлккө ээ болуу ыкмасы активдүү жайылып, алданган жарандардын саны өсүп жатканын белгиледи.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык:

  • "Ихсан Групп ЛТД" турак жай кооперативинин ишмердүүлүгү боюнча 500 кылмыш иши козголуп, жарандарга 600 миллион сомдон ашык зыян келтирилген. Бул коммерциялык эмес турак жай кооперативинин жетекчилери кылмыш жоопкерчилигине тартылууда.
  • S-Line турак жай кооперативи жарандарга өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирип, 80ден ашуун кылмыш иши козголгон. Келтирилген материалдык чыгым 79 миллион 990 миң сомдон ашык. Аталган коммерциялык эмес турак жай кооперативинин бир катар жетекчилери кылмыш жоопкерчилигине тартылууда.
  • "Береке Групп ЛТД" коммерциялык эмес турак жай кооперативи боюнча кылмыш иштери иликтенүүдө. Бул кооперативдин ишмердүүлүгү боюнча 300 арыз түшкөн. Келтирилген зыяндын суммасы такталууда.

Мыйзам боюнча коммерциялык эмес турак жай кооперативдерин түзүүгө уруксат берилген. Бирок ошол эле учурда кооперативдердин кыймылсыз мүлк чөйрөсүндө каржы пирамидасына окшош ишмердүүлүк жүргүзгөндөрү тынчыздандырат.

"Ушуга байланыштуу ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы жарандарга коммерциялык эмес турак жай кооперативдери аркылуу үйлөрдү сатып алуу максатында акча каражаттарын салууда тобокелчиликтер бар экендигин эскертет. Абийирдүү турак жай кооперативи турак жайды алуу убактысына эч качан кепилдик бербейт жана кезектин жүрүшү жөнүндө маалымат аларда ачык болот" , - дешти басма сөз кызматынан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9737