Болот Назаровго акындар аргымак мингизишти
RU

Болот Назаровго акындар аргымак мингизишти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Төкмө акын Болот Назаровдун эркиндикке чыгышын жалпы акындар куттуктап, аргымак мингизишти. Тагыраагы, аргымакты "Айтыш" коомдук фондунун негиздөөчүсү Садык Шер-Нияз, депутат Мирлан Самыйкожо, фонддун жамааты мингизишти.

Өз кезегинде Болот Назаров ыраазычылыгын ыр менен төгүп, көпкө төгө албай турганын, көзүнө жаш келип жатканын айтты.

Белгилей кетсек, 2022-жылы 9-ноябрда Болот Назаров талаадан жылкыны минип качып кеткенге шектелип кармалган. Жабырлануучу делинген тараптын тосмо арыз жазуусуна атайын кызматтын өкүлдөрү тоскоолдук кылышып, Москва райондук соту төкмөнү 1 айга СИЗОго камакка алуу чечимин тандаган.

Журналист Олжобай Шакир Болот Назаровду өнөр адамдарынын бири тойго алып барганын, ал жактан ат мингизиптир деп сөз болгонун айтып чыккан. Ал арада ырчы Кубаныч Ажыбаев Болот Назаров менен бир тойдо кызмат кылганын, бирок ал жакка төкмө акынды алып барбаганын билдирген.

24-январда Москва райондук соту Болот Назаровдун иши кыскарганын айтып, сот залынан бошотту.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10058