Болот Назаров сот залынан бошотулду
RU

Болот Назаров сот залынан бошотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 24-январда Москва райондук соту Болот Назаровдун ишин карап, аны сот залынан бошотту. Чүй облустук сотунан Kaktus.kg сайтына билдиришкендей, төкмө акындын иши кыскартылды.

"Сотко жабырлануучулардын тосмо арызы түшкөн. Анын негизинде кылмыш иши кыскартылып, Болот Назаров сот залынан бошотулду", - дешти соттон.

Буга чейин жарыш сөздө прокурор Болот Назаровду талап-тоноо боюнча жети жылга, баңгизат боюнча үч жылга эркинен ажыратууну суранган.

Төкмөнүн кармалышы:

2022-жылы 9-ноябрда Болот Назаров талаадан жылкыны минип качып кеткенге шектелип кармалган. Жабырлануучу делинген тараптын тосмо арыз жазуусуна атайын кызматтын өкүлдөрү тоскоолдук кылышып, Москва райондук соту төкмөнү 1 айга СИЗОго камакка алуу чечимин тандаган.

Журналист Олжобай Шакир Болот Назаровду өнөр адамдарынын бири тойго алып барганын, ал жактан ат мингизиптир деп сөз болгонун айтып чыккан. Ал арада ырчы Кубаныч Ажыбаев Болот Назаров менен бир тойдо кызмат кылганын, бирок ал жакка төкмө акынды алып барбаганын билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10055