Майлуу-Суу шаарынын жашоочуларына суу бериле баштады
RU

Майлуу-Суу шаарынын жашоочуларына суу бериле баштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында жергиликтүү тургундарга 25-январдан тарта штаттык тартипте суу бериле баштады. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.

Билдирүүгө караганда, шаардагы тоңуп калган суу түтүкчөлөрүн ӨКМдин өздүк курамынын жана "Шаар сууканал" ишканасынын кызматкерлери тарабынан ээритилген.

Эске салсак, катуу суукка байланыштуу Майлуу-Сууда 12-январда таза суу жана жылуулук берүү үзгүлтүккө учурап, аймакка өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Шаардагы кырдаалга байланыштуу жашоочулар президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылышкан.

Жергиликтүү тургундарга 23-январда жылуулук толугу менен бериле баштаган, бирок суу көйгөйү чечиле элек болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10066