Монополияга каршы агенттик: Кыргызстанда бензин 5-6 сомго арзандайт
RU

Монополияга каршы агенттик: Кыргызстанда бензин 5-6 сомго арзандайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги жакынкы айда Кыргызстанда бензиндин баасы арзандай турганын кабарлады.

Агенттиктин маалыматына караганда, учурда Кыргызстанда дизель майын эске албаганда бензиндин баасынын төмөндөшү байкалууда.

"Жакынкы айда рыноктогу ири "оюнчулар" акырындык менен бензиндин баасын 5-6 сомго арзандатат. Аларда күйүүчү майлардын бир, бир жарым айлык кору болушу керек, ошону эске алышат", - деп айтылат маалыматта.

Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги нефтетрейдерлерге атаандаштыктын негизги принциптери, керектөөчүлөр менен ишкерлердин ортосундагы балансты сактоо, бааны негизсиз жогорулатпоо боюнча сунуш жана эскертме жөнөттү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10068