Мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков кармалды
RU

Мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков кармалды. Маалыматты Kaktus.media сайтына күч түзүмдөрүнөн кабарлашты.

Кабарлангандай, 24-январда ИИМдин тергөө кызматы Разаковду алдамчылык боюнча кармады.

Өздүк булактын айтымында, Разаковдун үстүнөн Арзыбек Бурканов арыз жазган. Арыздануучу белгилегендей, Разаков чогу ишкердикти өнүктүрүүгө каражат алып, бизнестен же акчадан жок калганын айткан.

Белгилей кетсек, Жеңиш Разаков 2016-жылы чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министр катары өкмөттүн курамында болгон.

2017-жылдын августунан октябрына чейин Коопсуздук кеңешинин катчысы болгон. Кийин президент Жээнбековдун кеңешчиси болуп, 2018-жылдын 20-апрелинен 2020-жылдын 11-февралына чейин вице-премьер-министр болуп иштеген.

Арзыбек Бурканов Жогорку Кеңештин III жана IV чакырылыштарында депутат болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10069