Бишкектеги айрым мектеп окуучулары эки күнгө онлайн окутууга өттү
Бишкектеги мектептерде экинчи нөөмөттө билим алган окуучулар эки күнгө онлайн окушат. Kaktus.media сайтына муниципалдык бийлик өкүлдөрүнөн билдиришкендей, онлайн окутуу бүгүн, 26-январда жана 27-январда болот.
Маалымдалгандай, бул күндөрү саат 14:00дөн баштап айрым жолдор жарым-жартылай тосулат. Мындан улам окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу жана балдардын караңгыда калып калышына жол бербөө максатында экинчи нөөмөттөгү сабактар онлайн окутуу форматында өткөрүлөт.
Тема боюнча:
Белгилей кетсек, 26-27-январда Бишкекке Өзбекстандан делегация иш сапар менен келет. Буга байланыштуу жолдорго убактылуу чектөө киргизилет.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/10071