Бүгүн "Ош базары" иштебейт
RU

Бүгүн "Ош базары" иштебейт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги "Ош базары" бүгүн, 26-январда иштебейт. Борбор калаа башкармалыгынан маалымдашкандай, мындай чечим Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин мамлекеттик иш сапарына байланыштуу кабыл алынды.

Белгиленгендей, дүйшөмбү күнү (30-январь) болуучу санитардык күн 26-январга жылдырылды.

Белгилей кетсек, 26-27-январда Бишкектеги мектептерде түштөн кийин билим алган окуучулар онлайн окутууга өттү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10073