Илимпоз Гүлзат Аалиеваны райондук сот актады
RU

Илимпоз Гүлзат Аалиеваны райондук сот актады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Философия илимдеринин кандидаты, доцент Гүлзат Аалиева 2021-жылы дин аралык кастыкты козуткан деген шек менен Бишкекте кармалган.

Милицияга Д.У. аттуу жаран кайрылып, Аалиевага карата чара көрүү өтүнүчүн келтирген. Алдын ала маалыматтарга боюнча, Аалиева Фейсбук аркылуу теңирчиликти үгүттөгөн деген маалымат тараган.

Тергөө органдары илимпозду конституциялык түзүлүштүн негиздерине жана мамлекеттин коопсуздугуна каршы атайылап кылмыш жасаган деп айыптап, анын аракеттерин Кылмыш-жаза кодексинин "Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу" беренеси боюнча квалификациялган.

Биринчи Май райондук соту Аалиеванын аракетинде кылмыштын курамы жок деп актады. Чечим Жогорку соттун сайтында жарыяланды.

Белгилей кетсек, Гүлзат Аалиева 2021-жылы апрелде камакка алынган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10093