Ысык-Көлдө 6 наристенин өлүмү боюнча бир катар адистер жазаланды
RU

Ысык-Көлдө 6 наристенин өлүмү боюнча бир катар адистер жазаланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 27-январда Эдил Байсалов Ысык-Көл облусундагы ымыркайлардын жана балдардын өлүмүн талдоо боюнча республикалык кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Анда Байсалов кош бойлуу аялдарга, төрөт учурундагы жана жаңы төрөлгөн ымыркайларга сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү боюнча иштер жүргүзүлбөй жатканын белгиледи.

"Жаңы төрөлгөн алты ымыркайдын өлүмү чоң трагедия. Анализде элементардык санитардык талаптар жана гигиеналык эрежелер сакталбаганы аныкталган", - деди ал.

Жаңы төрөлгөн ымыркайлардын өлүмүнө алып келген жугуштуу ооруларды өз убагында аныктап, алдын алууну жетишсиз уюштурган делинип ээлеген кызматтарынан төмөнкү адистер бошотулду:

  • Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча координаторунун милдетин аткаруучу - М.Б.Кыдырбаев;
  • Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын директору - М.О.Сагынбаев;
  • Оорукананын директорунун төрөт боюнча орун басары - И.К.Атагелдиев;
  • Оорукананын төрөт бөлүмүнүн башчысы - Р.К.Алдашева;
  • Оорукананын ресурстук борборунун башчысы - А.Т.Айткулуева.

Инфекцияны алдын алуу боюнча иш-чараларды өз убагында жүргүзүү боюнча иштин ырааттуулугунун жана көзөмөлдүн жетишсиздиги үчүн:

  • Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун директору, Ысык-Көл облусу боюнча кызматтын ишин координациялаган Г.Б.Тайлакова ээлеген кызматынан бошотулду;
  • Оорукананын бир катар кызматкерлерине сөгүш жарыяланды.

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Айнура Султанбаевага да сөгүш жарыяланды.

Белгилей кетсек, Ысык-Көл облустук биргелешкен ооруканасынын төрөт бөлүмүндө 1-январдан 15-январга чейин 6 ымыркай чарчап калган. Бул боюнча комиссия түзүлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10100