Пиязды экспорттоого убактылуу тыюу салуу сунушталды
RU

Пиязды экспорттоого убактылуу тыюу салуу сунушталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Айыл чарба министрлиги Евразия экономикалык биримдигине кирбеген мамлекеттерге Кыргызстандан пияз, сарымсакты алып чыгууга убактылуу тыюу салууну сунуштады. Экспортко убактылуу тыюу салуу жөнүндө токтомдун долбооруна тиешелүү өзгөртүүлөр Министрлер кабинетинин сайтында коомдук талкууга коюлду.

Документте өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана пияздын базар баасын турукташтыруу үчүн зарыл экени, анткени азыр пияздын баасы базарда кыйла кымбаттап кеткени айтылат. Кошумчалай кетсек, пиязды экспорттоого чектөөлөрдү Казакстан, андан кийин Өзбекстан Пакистандагы суу ташкынына байланыштуу киргизген.

"Базардагы тартыштык өлкөдө азык-түлүк каатчылыгына алып келиши мүмкүн. Пиязды экспорттоого тыюу салуу кабыл алынса чектөө 2023-жылдын 4-майына чейин созулат", - деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10111