Кыргызстанда даарат кагазынын тартыштыгы жаралышы мүмкүн. Себеби
RU

Кыргызстанда даарат кагазынын тартыштыгы жаралышы мүмкүн. Себеби

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кагаз, картондорду өндүрүү жана кайра иштетүү боюнча ата мекендик ишканаларда чийки зат жетишсиз. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин макулатураны ЕАЭБдин чегинен тышкары алып чыгууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө токтом долбоорунун маалымдама-негиздемесинде айтылат.

Министрлер кабинети макулатураны жана калдыктарды экспорттоого алты айга тыюу салууну сунуштоодо.

Документте чийки заттын жетишсиздиги миңдеген жарандар иштеген ата мекендик ишканалардын жабылышына же жарым-жартылай иштешине алып келип, бюджетке салыктын түшүүсү азаят деп айтылат.

Белгилей кетсек, Кыргызстандан макулатураны экспорттоого тыюу салуу 2021-жылы киргизилген. Бирок бул чектөө чийки заттын жетишсиздигин жарым-жартылай чечкен. Анткени, импорттун көлөмү жыл сайын азаюуда. Ал эми үчүнчү өлкөлөрдөн экспорттоо толугу менен токтогон.

Кагаз продукциясын өндүрүүчү жана кайра иштетүүчү атамекендик ишканалар өз кайрылууларында дагы эле чийки заттын жетишсиздиги бар экенин белгилешет.

Кыргызстанда кагаз продукцияларын өндүргөн бир нече ири ишканалар бар: "Бишкек Картон", "Алихан Компани", "Алтын-Ажыдаар", Paper Company, "Эфес ЛТД", "ИФА", "Кош Тамчы" ЖЧКлары.

"Алтын-Ажыдаар" жана "Кош Тамчы" ишканаларынын маалыматы боюнча, өндүрүш ишканаларында чийки заттын тартыштыгы байкалып, өндүрүштүк кубаттуулук 30-40%ды түзүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9865