Баткенде чек арадан мыйзамсыз өткөн жаран кармалды
RU

Баткенде чек арадан мыйзамсыз өткөн жаран кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткенде мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн жаран кармалды. Облустук милициядан кабарлашкандай, "Экстремист" операциясынын жүрүшүндө мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү фактысы аныкталган.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1957-жылы туулган М.М. Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10112