Кыргыз-өзбек заводу 6 жыл ичинде 30 миң унаа чыгарууну пландоодо
RU

Кыргыз-өзбек заводу 6 жыл ичинде 30 миң унаа чыгарууну пландоодо

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргы-өзбек заводу алдыдагы 6 жыл ичинде 30 миң унаа чыгарууну мерчемдеп жатат. Ошондой эле 2 миң жумуш орун түзөрүн Экономика жана коммерция министрлигинен кабарлашат.

Аталган завод Бишкектин чет-жакасына курулат. Макулдашууга эки өлкөнүн экономика министрлери - Данияр Амангельдиев жана Лазиз Кудратов кол койду.

Долбоорду кыргыз тараптан "ДТ "Техник" жана "Нур" ишканалары, өзбек тараптан "Узавтосаноат" ишканасы биргеликте ишке ашырат. Долбоор үч этаптан турат:

  • Кыргызстандын жарандары үчүн 500 жумуш орундарын түзүү менен 10 миңге чейин автоунаага SKD ыкмасын колдонуу менен өндүрүштү уюштуруу (ири масштабдуу чогултуу);
  • 1000 жумушчу орундарын түзүү менен 20 миң автомобиль өндүрүшүн баштагандан кийин 4-5 жыл ичинде автокомпоненттерди өндүрүү;
  • алтынчы жылы жалпысынан 30 миң автомобиль, кыргызстандыктар үчүн 2000 жумушчу орун түзүү менен ишке ашырылат.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10115