Президент Баткендеги үйлөрдүн курулушу жана иш башкаруучусу боюнча талкууга жооп берди
RU

Президент Баткендеги үйлөрдүн курулушу жана иш башкаруучусу боюнча талкууга жооп берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Акыркы күндөрү Баткенде талкаланган үйлөрдү калыбына келтирүү темасы социалдык тармакта активдүү көтөрүлүүдө. Анда президенттин иш башкаруучусунун аты аталып, күмөндүү компания менен байланышы болушу мүмкүндүгү айтылууда. Бул талкуу боюнча Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде түшүндүрмө берди.

"Баткендеги салынып жаткан үйлөр боюнча айта турган болсом, эл үчүн дагы, бул иштен тынымсыз кыйкым издеген журналисттер үчүн дагы абдан кызык болот. Ошондуктан менин иш башкаруучум Каныбек Туманбаевге жана "Аманат инвест" компаниясына эмнеге асылып жатышканы боюнча толук маалымат берейин. Былтыр сентябрь айында Баткендеги жабыркаган үйлөрдү жаңыдан куруу жаатында долбоорлорду даярдоо боюнча Мамлекеттик курулуш жана турак жай агенттигине тапшырма бердим. Бир аптадан кийин долбоорду алып келишти.

Алардын сметасы боюнча ар бир үйдү 5 млн 500 миң сомго курушубуз керек экен.

Анан мен иш башкармалыктын жана жеке курулуш адистерин топтодум дагы: "Ар бир үйгө 5 млн 500 миң сом кетет деген бул өтө кымбат. Ортодо мамлекеттин акчасын жеп көнүп калышкан мамлекеттик кызматкерлердин бул сметасы мага жаккан жок. Бир үйгө канча акча кетет экен, силер эсептеп чыккылачы", деп тапшырма бердим.

Эки күндө мага сметасын алып келишти. Бир үйгө 3 млн 300 миң сомдон акча кетет экен.

"Эч ортомчусу жок ушул суммага кургула", деп дароо тапшырма бердим. Ошентип ар бир үйдөн 2 млн 200 миң сомдон үнөмдөп калдык. Ошондо эсептеп көргүлө, Баткенге баш-аягы 500дөн ашык үй салабыз. Ар бир үйдөн 2 млн 200 миң сомдон айырма болгондо эле бир миллиарддан ашык сом мамлекеттин акчасын үнөмдөп калдык. Эгер мамлекеттик курулушка ишенип, "ии болуптур, сала бергиле" деп койгонумда, бул акчаны саналуу кишилер жана ортомчу компаниялар жеп кетмек. А мен бул акчаны алардын оозунан жулуп алдым да. Алар ушунун баарын иш башкармалыктын жетекчиси Каныбек Туманбаев кылып жатат деп ойлоп атышат. Ошол үчүн ага акчадан куру калгандар маалыматтык чабуул башташты. Алардын ортодон акча "жасап алуусуна" менин тапшырмам менен бөгөт коюлду.

Каныбек – мыкты аткаруучу, мыкты көзөмөлдөөчү. "Бир тыйын болсо да мамлекеттин акчасы үнөм болсун" деп турган кызматкерлердин бири.

Ал эми "Аманат инвест" компаниясы – Баткенде салынып жаткан үйлөрдү жөн гана көзөмөлгө алып, бир тыйын пайда кошпой, кагаз иштерин бүтүрүп жаткан компания. Алардын болгон күнөөсү ушул, негиздөөчүлөрүнүн арасында 20 жаштагы бала бар экен.

Бизге, мага десе негиздөөчүлөрү 18 жаштагы балдар болсун. Мамлекеттин акчасын үнөмдөп берсе болду.

Ошондуктан бизге ЖМКларда массалык түрдө чабуул болуп жатканда "мамлекеттин миллиарддаган акчасын жедирбей, дагы кимдин оозунан жулуп алышты экен" деп экинчи жагын да ойлогонду унутпагыла. Биз азыр мамлекеттик каражаттарды уурдатпаганыбыз үчүн бүгүнкүдөй аскерий жана башка техникалар сатылып алынып жатат. Мектеп, бала бакча, асфальт жолдор, темир жолдор салынууда. Ипотека аркылуу үйлөр курулууда. ГЭСтер, завод-фабрикалар курула баштады", - деди президент.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10154