Эмгек өргүүгө чыккан маданият кызматкерлерине каражат берилбей жатабы? Министрликтин жообу
RU

Эмгек өргүүгө чыккан маданият кызматкерлерине каражат берилбей жатабы? Министрликтин жообу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги эмгек өргүүгө чыккан кызматкерлери айлыктарын албай жатышат деген билдирүүнү четке какты.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулайманов "маданият кызматкерлери эмгек өргүүдөгү айлыктарын ала албай жатышат" деп билдирген.

"Министрлик тарабынан маданият мекемелеринин өтүнмөлөрүнө ылайык, ай сайын акча каражаттары өз убагында берилгенин билдирет. Мыйзам тарабынан корголгон тиешелүү беренелер (эмгек акы, эмгек өргүү, коммуналдык чыгымдар) биринчи кезекте кечиктрилгис болуп каржыланат. Андыктан, эмгек акы жана эмгек өргүүгө чыкканда берилүүчү каражаттар берилбей жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт", - деп айтылат билдирүүдө.

Министрликке караган облустурдагы медиа борборлор Улуттук телерадиоберүү корпорациясына өтүп жаткандыгына байланыштуу алар Юстиция министрлигинен кайрадан каттодон өтүп жататканы маалым болду.

"Тиешелүү юридикалык документтер таризделген соң, январь айындагы каржылоо ачылат. Акча бүгүнкү күндө даяр жана ал министрдин көзөмөлүндө", - деп кошумчалашты мекемеден.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10156