2-февралдан тартып аба ырайы өзгөрөт
RU

2-февралдан тартып аба ырайы өзгөрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эртең, 2-февралдан тартып 6-февралга чейин өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлөт. Буга байланыштуу ӨКМ чукул билдирүү жасап, кар көчкү түшүүсү мүмкүн экенин эскертет.

Тоолуу райондордо: Ала-Бука – Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-113 чакырымдарында жайгашкан Чапчыма ашуусунда, Красная-Горка – Акташ унаа жолунун 1-4-чакырымдарында кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлүүдө. Бул күндөрү жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

"Алыскы жолго чыгууну, тоолордо эс алууну башка күндөргө жылдырууну сунуштайбыз. Сиздин жана жакындарыңыздын өмүрү коопсуз болсун", - дешет министрликтен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10157