Садыр Жапаров ОСАГО долбоорун өз көзөмөлүнө аларын айтты
RU

Садыр Жапаров ОСАГО долбоорун өз көзөмөлүнө аларын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде ОСАГОнун айланасындагы кырдаалга комментарий берди.

Өлкө башчы ОСАГО долбоору толук кандуу иштелип чыкпаганын жана камсыздандырууну мамлекеттик компания жүрүшү керек деп эсептейт.

"Автомобилдерди камсыздандыруу долбоору 2015-жылы эле башталган иш экен. Баарын териштирип көрүп, долбоорду жылдырдык. Азыр чийки. Анан да бул долбоорду мамлекет өзү колго алыш керек. Эч кандай жеке жактарга бербеш керек.

Эл кайсы бир чиновниктин бизнеси деп түшүнүшөт. Ошол үчүн эл каршы чыгып жатат. Ошондуктан бул долбоорду өзүм көзөмөлгө алып, бардык жагын бышырып, эл өз эрки менен кабыл алгыдай кылам.

Себеби бул долбоор негизинен элге пайдалуу эле долбоор. Өнүккөн өлкөлөрдүн баарында автомобилдер камсыздандырууда турат. Болгону камсыздандырууну туура, адилеттүү, калыс иштетиш керек. Эрежелерин толук иштеп чыгуу үчүн убакыт керек. Жакшы иштеп кетсе, балким, кийинчерээк жеке жактарга дагы уруксат берсек болот. Элге тандоого мүмкүнчүлүк болот. Автоунааларын мамлекеттик компанияда камсыздандыргысы келеби же жеке компаниядабы. Атаандаштык болуп турат", - дейт президент.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10158