ОСАГО боюнча айып пул салуу белгисиз мөөнөткө жылдырылды
RU

ОСАГО боюнча айып пул салуу белгисиз мөөнөткө жылдырылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда транспорт ээлерин камсыздандыруу полисин алууга милдеттендирген мыйзам 1-апрелден тарта күчүнө кирип, полиси жокторго айып пул салынары кабарланган. Бирок айып пул салуу белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Бул туурасында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев жыйында айтты.

Айтымында, ал министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров менен кеңешип, 1-апрелден тарта унаа ээлерине айып пул салбоо чечими кабыл алынган.

"Биз министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров менен сүйлөштүк. Мен депутаттардын пикирин айттым, аны менен кеңешип, ОСАГОну кийинкиге жылдыруу чечимине келдик. 1-апрелден тарта унааны камсыздандырбагандарга айып пул салынбайт", - деди Шакиев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10074