Ичүүчү суу менен саркынды суунун тарифин жогорулатуу каралууда. Сунушталган баа
RU

Ичүүчү суу менен саркынды суунун тарифин жогорулатуу каралууда. Сунушталган баа

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаардык мэриясы ичүүчү суу менен саркынды суулардын тарифин жогорулатуу токтом долбоорун коомдук талкууга койду.

Сунушталган документке ылайык, суунун 1 куб метри үчүн төлөм төмөндөгүдөй:

  • калк үчүн - 10,45 сом (учурда 8,10 сом);
  • бюджеттик уюмдар үчүн - 12,95 сом (учурда 9,10 сом болчу);
  • башка керектөөчүлөр үчүн - 18,5 сом (учурда 13 сом).

Саркынды суунун 1 куб метри үчүн:

  • калк үчүн - 3,45 сом (учурда 2,30 сом);
  • бюджеттик уюмдар үчүн - 4,5 сом (учурда 3 сом);
  • башка керектөөчүлөр үчүн - 9 сом (учурда 6 сом).

Ошондой эле көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары үчүн жалпы пайдалануудагы суу түтүктөрүн жана канализация тармактарын тейлөөгө 15,10 сом сунушталууда. Төлөм жылына бир жолу алынат.

Документте ичүүчү сууга жана канализацияга тарифтерди көтөрүү зарылчылыгы бир катар себептерден келип чыкканы белгиленет:

  • учурдагы тарифтер эскирген насостук жабдууларды, жүк ташуучу атайын техникаларды жаңылоого, ошондой эле суу түтүктөрүн жана канализация тармактарын реконструкциялоого, ички суу түтүк канализация тармактарын профилактикалык жана авариялык оңдоолорду жүргүзүүгө мүмкүндүк бербейт;
  • каражаттын жетишсиздигинен жана электр энергиясына, күйүүчү-майлоочу майларга, атайын формага болгон баанын жогорулашына байланыштуу "Бишкексууканал" ишканасы чыгашага учурай баштайт;
  • ишканадагы финансылык кыйынчылыктардан улам ар кандай аварияларды жоюуга жарандардан түшкөн кайрылуулардын саны өсүүдө (жылына 16 миңге жакын арыз).
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10181