Таласта мэриянын, шаардык кеңештин кызматкерлери мамлекетке 5 млн сом кайтарышты
RU

Таласта мэриянын, шаардык кеңештин кызматкерлери мамлекетке 5 млн сом кайтарышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Талас шаарынын мэриясы менен шаардык кеңешинин кызматкерлери мамлекеттик бюджетке 5 миллион сом кайтарып беришти. УКМКдан билдиришкендей, чиновниктер январь айында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен кармалышкан.

Тагыраагы, Талас шаарынын вице-мэри М.М.Байджигитов, Талас шаардык кеңешинин төрагасы Жусупбеков А.Д., вице-спикер Курамаев А.С. жана Талас шаарынын мэриясынын муниципалдык менчикти башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Долдоев М.С. кармалышкан. Алардын мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекеттик бюджетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Кылмыш ишин тергөө учурунда айыпталуучулар күнөөсүн моюнга алышып, мамлекетке 5 миллион сом которушту. Тергөө учурунда кызматкерлер келтирилген зыяндын бир бөлүгүн кошумча төлөп берүүгө милдеттендирилген.

Айыпталуучулардын баш коргоо чарасын ден соолугуна, үй-бүлөлүк абалына жана каражатты которгонуна байланыштуу өзгөртүү жөнүндө жактоочулардын билдирүүлөрүн эске алып, Талас шаардык соту тарабынан А.Д.Жусупбековго, М.М.Байджигитовго жана А.С.Курамаевге карата мурда тандалган бөгөт коюу чарасы (камак түрүндөгү) үй камагына алмаштырылды.

Учурда кылмыш ишинин алкагында кылмышты жасоого тиешеси бар башка адамдарды аныктоого, ошондой эле мамлекетке келтирилген зыяндын ордун кошумча төлөп берүүгө багытталган тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10192