Түркиядагы жер титирөө. Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандардын арасында кыргыздар жок
RU

Түркиядагы жер титирөө. Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандардын арасында кыргыздар жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түркияда 6-февралдын таңында күчү 7,4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Акыркы алынган маалыматтар боюнча, 284 адам набыт болуп, 2300 жаран жабыркады. Бул кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги маалымат таратты.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандардын арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок дешет ведомстводон.

Учурда Кыргызстандын аталган өлкөдөгү элчилиги Анталиядагы башкы консулдук жана Стамбулдагы башкы консулдук менен биргеликте Түркиянын компетенттүү органдары менен жер титирөөдөн жабыркагандар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандары боюнча маалыматтарды тактоо боюнча иш алып барууда.

Кырдаалды көзөмөлдөө жана Кыргыз Республикасынын жарандарына консулдук-укуктук жардам көрсөтүү үчүн күнү-түнү иштеген ыкчам штаб түзүлдү.

Эгерде жардам же кеңеш керек болсо ишеним телефондоруна байланышса болот:

  • Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчилиги (Анкара): тел. +90 545 6896800, +90 312 4913506, + 90 312 4913507;
  • Кыргыз Республикасынын Анталиядагы башкы консулдугу: +90 546 5570471, +90 534 8388551;
  • Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы башкы консулдугу: +90 535 1077212, +90 212 2356767, +90 212 2353737.

Сүрөт: Anadolu Agence.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10212