Пара алууга шектелген акушер окуянын чоо-жайын айтты
RU

Пара алууга шектелген акушер окуянын чоо-жайын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Интернетке Аксы районундагы төрөт үйүндө пара алууга шектелип кармалган акушердин окуянын-чоо жайын түшүндүргөн видеосу жарыяланды.

Анда дарыгер 3 жолу операция болгон бейтап ыраазычылык билдирүү максатында акча бергенин айтат.

"Төрөт үйүндө наристелер жарык дүйнөгө келгенде сүйүнүп чын жүрөктөрү менен ыраазычылык беришет. Мен жаман оюм жок эле акчаны алгам, баарыбыз кыргызбыз. Ал мага 7 миң сом бергенинен мен 4 миң сомун алып калдым. Анан УКМК кызматкерлери кирип келишти", - деген ал.

Ошондой эле тергөө жүрүп жатканына карабай райондук администрациядан акушерди өз арызы иштен кетүү талабын койгонун кошумчалады. Мындан улам анын кесиптештери иш таштоого даярдыгын билдиришип, арыз жазган дейт акушер.

Эске салсак, 2-февралда 1983-жылы туулган М.А.А. аттуу акушер УКМКнын кызматкерлери тарабынан акча алып жаткан жеринен кармалган. Бул факты "опузалап пара алуу" беренеси менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10222