Чүйдө төрт эм төрөлдү. Алардын үчөө кыз, бирөө эркек
RU

Чүйдө төрт эм төрөлдү. Алардын үчөө кыз, бирөө эркек

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облустук төрөт үйүндө бүгүн, 10-февралда төрт эм төрөлдү. Алардын үчөө кыз, бирөө эркек дешет Саламаттыкты сактоо министрлигинен.

Белгилүү болгондой, 29 жаштагы келин кесарево жолу менен төрөдү. Төрт эмдин үчөө кыз, бирөө эркек бала.

Наристелердин салмагы жана бою:

  • Кыздардын биринин салмагы 2494 грамм, бою - 48 см; экинчиси 2048 грамм, бою - 46 см; үчүнчүсүнүн салмагы 2218 грамм, бою - 46 см.
  • Ал эми эркек баланын салмагы 2432 грамм, бою - 48 см.

Дарыгерлердин айтымында, эне менен балдардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.

Сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10286