Жалал-Абадда айылдашынын көзүнө ок аткан жаран кармалды
RU

Жалал-Абадда айылдашынын көзүнө ок аткан жаран кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда ок тийген жарандын окуясы боюнча айылдашы кармалды. Облустук милициядан кабарлашкандай, ден соолукка оор залал келтиргенге шектелип жаткан киши күзөт кызматкери.

Такталгандай, 8-февралда болжол менен саат 17:30да милицияга билдирүү түшкөн. Анда Бешик-Жон айыл аймагынын тургуну сол көзүнө ок жеп, ооруканага түшкөнү айтылган.

Териштирүү иштеринин жүрүшүндө шектүү катары жабырлануучунун айылдашы кармалды. Анын жанынан тапанча жана 4 ок алынган. Шектүү жеке күзөт агенттигинде иштей турганы такталды. Ошондой эле наркологиялык экспертизанын корутундусу кармалган жарандын канында алкоголь бар деп чыккан.

Бул факты боюнча "Ден соолукка оор залал келтирүү" беренеси менен иш козголуп, тергөө амалдары улантылып жатат.

Белгилей кетсек, 9-февралда Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасына ок тийген бейтап кайрылып, ага ыкчам түрдө операция жасалган.

Сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10289