Плагиат деген сындардан кийин УТРК логотибинин дизайнын жаңылады
RU

Плагиат деген сындардан кийин УТРК логотибинин дизайнын жаңылады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуттук телерадиоберүү корпорациясы (УТРК) логотибинин дизайнын жаңыртты. Корпорация жаңы логотипти социалдык тармактарда колдонууда.

Логотиптин формасы ошол бойдон калган, бирок улуттук оюм-чийим түшүрүлгөн.

Эске салсак, буга чейин УТРК жаңыланган логотипти көрсөтүп, кийинчерээк афгандык телеканалдан көчүрүлүп алынган деп сынга алынган. Андан соң телеканалдын PR бөлүмүнүн башчысы Чынар Капарова логотиптип окшошуп калганы боюнча маселе жыйында кароого алынганын бидирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10320