"Акча сарпталган эмес". УТРК талкууга алынган логотиби боюнча расмий билдирүү жасады
RU

"Акча сарпталган эмес". УТРК талкууга алынган логотиби боюнча расмий билдирүү жасады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуттук телерадио корпорациясынын жаңы логитиби социалдык тармакта кызуу талкууга алынды. Сын-пикирлердин басымдуу бөлүгү логотип көчүрмө болуп калганы тууралуу болууда.

Талкуудан кийин УТРКнын өкүлү Чынар Капарова расмий билдирүү жасады.

Ал былтыр корпорациянын макамы өзгөрүп, Улуттук телерадиоберүүлөр корпорациясы болуп кайрадан түзүлүп, Улуттук Биринчи каналдын логотибин алмаштыруу сунушталган дейт.

"2022–жылдын октябрь айында Улуттук Биринчи каналдын логотибин иштеп чыгуу боюнча сынак жарыяланган. Сынакка 20га жакын эмгек келип түшкөн. Бирок эн белгилер комиссия тарабынан жактырылган эмес. Жыйынтыгында корпорациянын Дизайн жана эфир жасалгалоо студиясына логотип иштеп чыгуу тапшырмасы берилген. Башында Мелис Орозалиев турган дизайнерлер тобу Улуттук Биринчи каналдын эн белгисин иштеп чыгып, коллегияга бир нече вариантты сунуштаган. Курамы 14 адамдан турган Коллегиялык кеңеш жана Көркөм кеңеш тарабынан азыр сунушталып жаткан логотип кабыл алынып, эфирге бериле баштаган. Белгилей кетүүчү жагдай, корпорациянын логотибин иштеп чыгууга УТРКнын Дизайн жана эфир жасалгалоо студиясы тартылгандыктан акча каражаты сарпталган эмес", - деди Капарова.

Ал эми логотиптин башка телеканалдын биринин эн белгисине окшошуп калганы боюнча маселе УТРКнын жыйынында кароого алынды жана логотип маселеси коллегиялык кеңештин кароосуна сунушталганын кошумчалады.

Чынар Капарова сынакта сунушталган айрым эн белгилердин үлгүлөрүн да көрсөттү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9946