Москвада массалык мушташ катталып, кыргызстандыктар катышканы кабарланды
RU

Москвада массалык мушташ катталып, кыргызстандыктар катышканы кабарланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Москванын түштүк-чыгышындагы кафелердин биринде 15 адамдын катышуусунда массалык мушташ болгонун Мослента жазып чыкты.

Андагы маалыматка караганда, окуя 19-февралга караган түнү Люблинская көчөсүндө жайгашкан мекеменин биринде болгон. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери кафеде Россия, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын жарандарынын ортосунда оозеки жаңжал чыгып, ал массалык мушташка чейин жеткенин аныкташкан.

Эс алуучулардын ортосундагы мушташ көчөдө уланган. Тартип сакчылары 15 адамды кармап, окуянын чоо-жайын тактоо үчүн полиция бөлүмүнө алып кетишкен.

Сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10393