Экс-депутат Самат Ибраевдин уулу СИЗОго киргизилди
RU

Экс-депутат Самат Ибраевдин уулу СИЗОго киргизилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Экс-депутат Самат Ибраевдин баласы Данияр Ибраев январь айында Болгариядан кармалган. Kаktus.media сайтына күч түзүмдөрүнөн билдиришкендей, ал өлкөгө экстрадицияланды.

Маалымдалгандай, өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылыкка шектелип, Интерпол тарабынан кармалган Данияр Ибраев Болгариядан экстрадицияланган. Учурда ал Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге киргизилип, тергөө иштери жүрүүдө.

Эске салсак, Бишкек ШИИББдин тергөө кызматы "Строймир" ЖЧКсынын башкы директору 1992-жылы туулган Ибраев Данияр Саматбекович 2018-жылдан 2019-жылга чейин курулуш обьекттерине материалдарды ташып берүүнү убадалап, 19 821 000 доллар акча каражатын ээлеп алганын аныкташкан. Аталган факты "Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык" беренеси менен катталган. Ошондо Данияр Ибраев тергөөдөн качып жүргөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10405