Экс-депутат Самат Ибраевдин издөөдө жүргөн уулу Болгариядан кармалды
RU

Экс-депутат Самат Ибраевдин издөөдө жүргөн уулу Болгариядан кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Экс-депутат Самат Ибраевдин уулу Д.Ибраев Болгариядан кармалды. ИИМдин басма сөз кызматынан маалымдашкандай, ал өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип ИИМдин Интерпол Улуттук борбордук бюросу тарабынан издөөдө жүргөн.

2019-жылдын декабрь айында Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы бир катар алдамчылык аракеттерин жасаган Д. Ибраевге карата издөө ишин козгогон. Ал ири курулуш компанияларынын жетекчилеринин ишенимине кирип, курулуш обьекттерине материалдарды ташып берүүнү убадалап, 19 821 000 доллар акча каражатын ээлеп алып, изин жашырып кеткен. Белгилүү болгондой, ал "Ак-Жол" көзөмөл-өткөрүү пунктунан Казакстандын аймагына өтүп кеткен.

2020-жылдын февраль айында жаран ага карата Интерпол аркылуу эл аралык издөө жарыяланган. 2020-жылдын 27-февралында Д.Ибраев Болгариядагы София борборунан Интерпол Улуттук борбордук бюросу тарабынан кармалып, камакка алынган.

Бирок ал адам укуктары боюнча Европалык сотко, Болгариянын компетенттүү органдарына кайрылып, адам укуктарын коргой турган өлкөнү издеп жүргөнүн билдирген. Коргоо тарап экстрадициялоо боюнча чечимге арызданышкан. Апелляциялык сот болсо үй камагына алуу түрүндөгү бөгөт чарасын тандаган.

2022-жылдын май айында, Болгариянын Варна шаарынын райондук сотунун чечими менен Д. Ибраевге эч жакка чыкпоо бөгөт чарасы камакка алуу түрүнө өзгөрүлгөн. Кайда жүргөндүгү белгисиз болгон.

2023-жылы 18-январда ИИМдин Интерпол Улуттук борбордук бюросунун кайрадан жөнөтүлгөн кайрылуусу боюнча эл аралык издөөдө жүргөн 1992-жылы туулган Д.Ибраев Болгариянын Интерполу аркылуу кайрадан кармалып, камакка алынды.

Азыркы учурда компетенттүү органдар аны өз өлкөсүнө экстрадициялоо боюнча иш-чараларды жүргүзүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10012