"Мурас-Ордо" жаңы конушундагы өспүрүмдүн өлүмү. Миллиция баланын апасынын сөзүн төгүндөдү
RU

"Мурас-Ордо" жаңы конушундагы өспүрүмдүн өлүмү. Миллиция баланын апасынын сөзүн төгүндөдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Милиция 13 жаштагы өспүрүм баланы өлтүрдү деп шектелген бир тууган байкесинин мойнуна алгандыгы тууралуу көрсөтмөсү бар, деп билдирди. Бирок балдардын апасы буга ишенүүдөн баш тартып жатат. Мындай маалыматты Kaktus.media редакциясына укук коргоо органдары беришти.

Алардын айтымында, шектелүүчү каза болгон баланын 2004-жылы туулган бир тууган агасы адвокат жана социалдык коргоо өкүлүнүн көзүнчө суракка алынган.

Андан тышкары, ыкчам иш алып баруу кызматкерлеринде кандын изи калган буюмдай далилдери жана күбөлөрдүн да тастыктоо көрсөтмөлөрү бар.

Бишкек ШИИБси "кайгылуу окуяны жана адамдардын күйүтүн колдонуп, туура эмес маалыматты жайылтып, жасалма резонанс жаратуудан алыс болууга" чакырды.

Белгилей кетсек, "Мурас-Ордо" жаңы конушунда каза болгон 13 жашар өспүрүмдүн апасынын пикири боюнча анын улуу баласы мындай ишке бара алмак эмес. Ал милиция кызматкерлеринин айрым билдирүүлөрүн калп деп айтты. Мисалы, улуу баласы ата-энесинин көзүнчө суракка алынган, деген маалымат жалган, деп билдирди. Балдардын апасынын видеокайрылуусун өзүнүн Facebook баракчасына Алтынай Арстанбекова деген колдонуучу жайгаштырган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1043