13 жашар өспүрүмдүн өлүмүнө 2004-жылкы бир тууган агасы шектелүүдө
RU

13 жашар өспүрүмдүн өлүмүнө 2004-жылкы бир тууган агасы шектелүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Криминалдык милиция бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери "Мурас-Ордо" жаңы конушундагы 13 жаштагы баланын өлүмүнө шектелүүчүнү камакка алышты. Ал каза болгон баланын бир тууган байкеси. Бул тууралуу Бишкек ШИИБсинин басма сөз кызматы кабарлады.

ИИМдин кинология борборунун тинтүү жүргүзүү итинин жардамы менен криминалдык милициянын ыкчам кызматкерлери СЭЗдин аймагынан качып жүргөн 2004-жылы туулган А.С.ти кармашты. Камакка алынган А.С. бардыгын мойнуна алып, инисин жарадар кылган ашкана бычакты көрсөттү. Ал аны жууп, үйүнө калтырып кеткен. Шектелүүчүнүн айтып бергенине ылайык, бир туугандардын ортосунда уруш жаралган, кайым айтышуудан кийин конфликтке өтүп, улуу байкеси иниси А.М.ди бычак менен жарадар кылат. Жарат алган өспүрүм эсине келбей каза болгон.

Камакка алынган А.С. 2004-жылы туулган, ал Бишкектин Биринчи май райондук ИИБге жеткирилди. КРдин Жазык Кодексинин 98-беренесинин негизинде Бишкек ШИИБсинин убактылуу кармоочу жайына жеткирилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

Эске салсак, кечээ, 17-мартта, "Мурас-Ордо" жаңы конушундагы менчик үйлөрдүн биринде өспүрүм баланын денеси табылган. Ал бычак менен мойнуна жана ичине жаракат алган. Милиция каза болгон бала 2008-жылы туулган А.М. экенин аныктаган.

Туугандардын айтымында ал эпилепсиядан жабыркап келген, ошондуктан жанында ар дайым бир адам болуп туруш керек болчу. Ошол күнү баланын ата-энеси жумушка кетишкен, аны менен 2004-жылы туулган агасы А.С. калган.

Өспүрүмдүн денесин биринчи жумуштан үйгө келген апасы көргөн, ал дароо милицияны чакырткан. Инисин карап калган улуу баласы үйдө жок болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/985