Сузакта кыз-келиндер таалим алган диний борбордун иши бөгөттөлдү
RU

Сузакта кыз-келиндер таалим алган диний борбордун иши бөгөттөлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы диний борбордун ишине бөгөт коюлду. УКМКнын маалыматына караганда, диний борбордо кыз-келиндер таалим алып келишкен.

16-февралда УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан Мундуз айылындагы "Чолпонай" диний борборунун ишмердүүлүгү текшерилген.

Анын жыйынтыгына ылайык, диний окуу борбору 2022-жылдын ноябрында "Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө" 8 жана 10-беренелерин бузуу менен негизделгени аныкталган.

Анда үч мугалим эмгектенип, 30га жакын жергиликтүү тургундар (аялдар) таалим алып келишкен. Сабактар жумасына эки жолу өткөрүлүп, алар Курандын негиздерин жана исламий укук илимин үйрөтүшкөн. Ошол эле учурда мугалимдердин жогорку диний билими жок болуп чыккан.

Текшерүүнүн жыйынтыгында аталган борбордун ишмердүүлүгү токтотулуп, Кыргыз Республикасынын 142 кодексинин 1-бөлүгү "Укук бузуулар жөнүндө" беренесине ылайык тиешелүү актылар түзүлүп, 5500 сом өлчөмүндө айып салынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10440