Муфтият 12 жашар баланын медреседе сабалганын четке какты
RU

Муфтият 12 жашар баланын медреседе сабалганын четке какты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунун Ноокат районундагы медреседе 12 жаштагы бала катуу сабалып, эс-учун билбей ооруканага түшкөн. Бул окуядан кийин "Равза" атындагы медресени жабуу боюнча тиешелүү мекемелерге сунуштар жиберилгенин милициядан кабарлашкан.

Бүгүн, 22-февралда Муфтияттан жогорудагы окуя боюнча расмий билдирүү жасап, буларды билдирди.

  • Муфтият аталган окуя боюнча ички териштирүү ишин жүргүзүүдө.
  • Муфтияттын карамагында "Равза" аттуу медресе жок экенин кабарлайбыз.
  • Бизге белгилүү болгондой, окуя диний объектиде болгон делген маалымат чындыкка дал келбейт.

Эске салсак, 2022-жылы 9-декабрда Көк-Жар айыл аймагынын тургуну 12 жаштагы М.А. денесинен жаракат алып, жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Баланы сабоого 4 бала (13 жаштагы 3 бала жана 12 жаштагы бир бала) шектелип, алардын ата-энелерине айып пул салынган.

Ал эми "Равза" атындагы медресенин тиешелүү уруксат кагаздары жок болгондуктан, ал медресени жабуу боюнча тиешелүү мекемелерге сунуштар жиберилген.

Сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10437