Кылмыш жообунан качып, Испанияда жана Болгарияда жүргөн шектүүлөр өлкөгө алып келинди
RU

Кылмыш жообунан качып, Испанияда жана Болгарияда жүргөн шектүүлөр өлкөгө алып келинди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

ИИМдин кызматкерлери Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн адамдарды Испаниядан жана Болгариядан алып келишти. Бул туурасында аталган министрликтин билдирүүсүндө айтылат.

Маалыматта айтылгандай, Испаниянын жана Болгариянын Интерполу Кыргызстандын Башкы прокуратурасы жана Тышкы иштер министрлиги, Түркиянын Юстиция министрлиги менен биргелешкен иш-чараларды жүргүзгөн. Анын алкагында:

  • 22-февралда Испаниядан 2001-жылы туулган Э.уулу А. алып келинди. Ал ден-соолукка оор залал келтиргендиги үчүн Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан 2021-жылдан бери издөөдө жүргөн.

  • 15-февралында Болгариядан Бишкек ШИИББи тарабынан 2019-жылдан бери издөөдө жүргөн 1992-жылы туулган И.Д. алып келинип, СИЗОго киргизилген. Анын мыйзамсыз ишмердүүлүгүнөн келтирилген зыян 19 миллион долларды түзөт.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10456