"Кадастр" МИсинин жетекчиси жана кызматкери документ жасап 17 млн сомдук зыян келтиришти
RU

"Кадастр" МИсинин жетекчиси жана кызматкери документ жасап 17 млн сомдук зыян келтиришти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2021-жылдын 23-мартында УКМК тарабынан Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча "Кадастр" МИ Сокулук филиалынын башчысынын орун басары Д.Б.Ж. жана укуктарды каттоо боюнча башкы адиси Т.А.А. кармалышты.

Такталгандай, аталган адамдар жер участогунун баштапкы документтерин атайлап жасалма жол менен жасап, андан ары жеке адамдарга кайрадан каттоодон өткөрүү үчүн аянтын 1,7 гектарга көбөйтүшкөндүгү аныкталды. Аталган адамдардын мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекетке 17 миллион сомдук зыян келтирилген.

Кармалгандар КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тиешелүү тергөө-оперативдик иш-чаралар жүргүзүлүүдө, деп УКМКнын басма-сөз борбору маалымдады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1046