3 жылга чейин. Мас айдоочулар марттан баштап унаа башкаруу укугунан ажыратылат
RU

3 жылга чейин. Мас айдоочулар марттан баштап унаа башкаруу укугунан ажыратылат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ушул жылдын 8-мартынан тартып мас абалында унаа башкарган айдоочулар бир жылдан үч жылга чейин айдоочулук укугунан ажыратылат. Мындай маалыматты Республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Укук бузуулар кодексинин 193-беренесинде көрсөтүлгөндөй, мас абалында унаа башкарган айдоочуларга 17 500 сом өлчөмүндө айып салынып же коомдук жумуштарга тартылып келген. Мындан ары:

  • Мас абалында унаа башкарган айдоочулар унаа башкаруу укугунан бир жылдык мөөнөткө ажыратылат.
  • Унаа башкарууга таптакыр укугу жок жарандардын мас абалында унаа башкаруусуна буга чейинки жоопкерчилик 15 000 миң сом айып салынып келсе, мындан ары үч суткага камакка алынат.
  • Эгерде мас айдоочу наркологиялык экспертизадан баш тартса 17 500 сом айып салынчу, мындан ары айдоочу үч суткага жана айдоого укугу жок айдоочу 5 суткага камакка алынат.
  • Буга чейин айдоочу мас абалында жол кырсыгына кабылып, башка адамдардын ден-соолугуна этиятсыздыктан залал келтирип, бирок аракетинде кылмыштын курамы жок болгон учурда 20 000 сом айып салуу же беш суткага чейин камакка алуу болсо, мындан ары айдоого укугу жок айдоочу жети суткага камакка алууга, ал эми айдоочу бир жылга унаа башкаруу укугунан ажыратылат.
  • Эгерде айдоочу жаза мөөнөтү бүткөндөн кийин кайрадан эле мас абалында транспорт каражатын башкарса жана мас абалында жол кырсыгына кабылса унаасын убактылуу алып кою менен үч жылдык мөөнөткө унаа башкаруу укугунан ажыратылат.

Сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10473