"Эр Төштүк" эпосу энциклопедия болуп басылып чыкты
RU

"Эр Төштүк" эпосу энциклопедия болуп басылып чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз элинин оозеки эпикалык чыгармаларынын бири - "Эр Төштүк" баатырдык эпосунун энциклопедиясы басылып чыкты. Жыйнак "Манас" улуттук академиясы тарабынан даярдалган. Долбоордун автору филология илимдеринин доктору Талантаалы Бакчиев.

"Манас" улуттук академиясынан билдиришкендей, кенже эпосторду изилдеп, жайылтуу максатында жарык көргөн "Эр төштүк" энциклопедиясынын бет ачар аземи 28-февралда өтөт.

Бет ачарга мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Жогорку Кеңештин депутаттары, Улуттук илимдер академиясынын профессор-илимпоздору, маданият тармагынан өкүлдөрү катышары күтүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10485