2016-жылдан бери издөөдө жүргөн чет элдик жарандар Кыргызстанда кармалышты
RU

2016-жылдан бери издөөдө жүргөн чет элдик жарандар Кыргызстанда кармалышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россияд бир нече кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн эки жаран Кыргызстандан кармалды. Мындай маалыматты Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы таратты.

Шектүүлөрдү издөө үчүн Россиядан атайын топ келген. Ал топ менен бирге Кыргызстандын ИИМ кызматкерлерлери ыкчам иш-чараларды жүргүзүү учурунда тергөөдөн жана соттон качкан жарандарды аныкташкан.

Шектүүлөр Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагынан колго түшүрүлдү. Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин эки беренеси (алдамчылык жана каракчылык) боюнча көрсөтүлгөн кылмыштарды жасагандыгы үчүн 1988-жылы туулган А.К. менен 1986-жылы туулган Ч.Ж. аттуу орус жарандары кармалышты.

Экөөнө тең 2016-жылы мамлекеттер жана эл аралык издөө жарыяланган. Алар уюшкан кылмыштуу топтун курамында Россия Федерациясынын Бурятия республикасынын калк жыш жайгашкан пунктарында жана Улан-Удэ шаарынын аймагында күйүүчү май куючу жайларга жана дүкөндөргө бир нече жолу каракчылык менен кол салууга айыпталып жатканы айтылат маалыматта.

Азыркы учурда кармалган жарандар камакка алынды. Жакынкы арада аларды экстрадициялоо маселелери чечилет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10486