Билим берүү министри кызматтан бошотулду. Анын милдетин Каныбек Иманалиев аткарат
RU

Билим берүү министри кызматтан бошотулду. Анын милдетин Каныбек Иманалиев аткарат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов кызматынан бошотулду. Маалыматта президенттин администрациясынан кабарлашты.

Маалым болгондой, президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыктарга ылайык, Уланбек Мамбетакунов билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулду.

Ал эми Каныбек Иманалиев билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Уланбек Мамбетакунов 2022-жылдын октябрь айында билим берүү жана илим министри болуп дайындалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10487